Blog Image

КМУда жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 24-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү тарабынан атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин директору Чинара Касмамбетова жана координатор Талант Ибраев студенттерге жол эрежелерин сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маанилүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында жол коопсуздугу боюнча атайын презентация көрсөтүлүп, студенттер арасында суроо-жооп оюну уюштурулду. Иш-чаранын активдүү катышуучуларына баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.