КМУда "Жол мыйзамы – өмүр мыйзамы" аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Жол мыйзамы – өмүр мыйзамы" аталышында иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Раимбек Тешебаев, ИИМдин ардагери Кеңешбек Сардаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жана Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын өкүлдөрү, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептери, жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузуу фактылары, ошондой эле, жол эрежелерин так сактоо маданиятын калыптандыруу маселелери талкууланды.
Мындай иш-чаралар студенттерде коопсуз жүрүм-турум маданиятты калыптандырууга жана жол-транспорт кооптуулугу тууралуу түшүнүктөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Иш-чара Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү тарабынан уюштурулду.