Blog Image

КМУда ЖОЖдор аралык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

Бүгүн, 21-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында ЖОЖдор аралык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сынакты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө максатында уюштурган. Сынактын негизги максаты – мамлекеттик тилди окутуунун жаңы ыкмаларын аныктоо, аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу аркылуу мамлекеттик тилдин окутуу сапатын жакшыртуу.

Жыйынтыктоочу иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А. Мамытов катышты.

Сынак 2021-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, ага Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын окутуучулары катышты: Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, ОшМУ, ОшМПУ, ТалМУ, БатМУ жана башка окуу жайлары.

Сынакка катышкан окутуучулар мамлекеттик тилди окутууда интерактивдүү ыкмаларды, санарип технологияларды, креативдүү жана инновациялык усулдарды пайдалануу боюнча өз тажрыйбаларын бөлүштү.

Сынактын жыйынтыгы Мамлекеттик тил күнүн утурлай чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн арасында мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуу деңгээлдери боюнча алдыңкы орундарга ээ болгон окутуучулар билим берүү жаатында жетишкендиктери үчүн ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Алар:

1-баскыч: мамлекеттик тилди эне тили катары окутуу

1. Осмонова Айгүл Сейдакматовна, ага окутуучу, ОшМУ – I орун: ноутбук жана диплом

2. Орозалиева Таттуугүл, ага окутуучу, ОшМПУ - II орун: планшет жана диплом

3. Алтыкеева Нурзада Жаныбековна, ага окутуучу, ТалМУ - III орун: смартфон жана диплом

2-баскыч: мамлекеттик тилди экинчи тил катары окутуу

1. Осмон кызы Нургул, ага окутуучу, И.Разаков ат. КТУ - I орун: ноутбук жана диплом

2. Сарылбекова Зууракан, п.и.к., доцент, Ж.Баласагын ат. КУУ - II орун: планшет жана диплом

3. Эрматова Алтынай Жумабаевна, ага окутуучу, ЖаЗЭАУ - III орун: смартфон жана диплом.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди колдоо жана окутуунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзүп, билим берүү мекемелеринде окутуунун заманбап методдорун иштеп чыгууга, жайылтууга, жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча алдыңкы окутуучуларын топтоого шарт түздү.

Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.