КМУда ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына карата ЖОЖдор аралык студенттердин «Экономика, бизнес, менеджмент: жаштар жана улуттук багыттар “Улуттук дух - дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасынын алкагында» аталышында илимий-практикалык конференциясы өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн экономикасынын учурдагы абалы, улуттук багыттар, санариптик трансформация жана глобализация шартында илим жана билим берүү маселелери талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун 2024-2025-окуу жылына карата студенттер жана магистранттар тарабынан жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин алкагында өткөрүлдү.
Бул иш-чара жаш окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү бириктирип, жаңы идеяларды жана сунуштарды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.