КМУда ЖОЖдор арасында корей тили боюнча дебат сынагы өттү
13-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Корея Республикасынын элчилиги жана Седжонг институту тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар арасында корей тилинде дебат сынагы өттү.
Иш-чара Кыргызстандын ЖОЖдорунда корей тилин үйрөнүп жаткан студенттердин арасында өткөрүлүп, алардын тил билүүсүн, ой жүгүртүү жана талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Сынакта КМУнун Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” багытынын 3-курсунун студенти Ишенбекова Анина мыкты натыйжа көрсөтүп, 1-орунду ээледи.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квандже, Корей тили борборунун директору Жо Чан У, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Корей тили мугалимдер ассоциациясынын башчысы Мун Санг Вунг, Корея Республикасынын Чонбук университетинин проректору Юн Мен Сук, Кёнвун университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Чжонг Жу Ён катышты.
Иш-чаранын соңунда Чонбук университети жана Кёнвун университети тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Аталган эки жогорку окуу жайда билим алууга кызыккан студенттер үчүн атайын лотерея уюштурулуп, жыйынтыгында эки студент бекер окуу мүмкүнчүлүгүн утуп алышты.
Бул иш-чара корей тилин жана маданиятын жайылтуу менен катар, Кыргызстан менен Кореянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоого чоң салым кошту.