КМУда ЖОЖдор арасындагы “Акыл Таймаш” интеллектуалдык оюну өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну өттү.
“Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна жалпы 13 жогорку окуу жайдын студенттик командалары катышып, билим, акыл, логика жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академясы, 2-орунду К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, 3-орунду И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети ээледи.
Оюндун максаты: жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле достук жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.