Blog Image

КМУда “ЖОЖдор үчүн билим берүү программасын Улуттук квалификациялык алкак, мамлекеттик билим берүү стандарты жана кесиптик стандарттар негизинде түзүү” аталышында семинар өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “ЖОЖдор үчүн билим берүү программасын Улуттук квалификациялык алкак, мамлекеттик билим берүү стандарты жана кесиптик стандарттар негизинде түзүү” аталышында семинар өттү.

Тренерлер: КМУнун Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дуйшебаева, тренер Рахат Бекбоева.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Семинардын негизги максаты: окутуучуларды компетенттүүлүккө негизделген билим берүү программасын түзүү боюнча практикалык көндүмдөргө үйрөтүү.

Семинардын жүрүшүндө квалификация менен компетенциянын байланышын түшүндүрүү, натыйжага негизделген окуу мазмунун түзүү, компетенция жана окуу натыйжалары боюнча матрица түзүү жана модулдук окуу программасын иштеп чыгуу тууралуу маселер талкууланды.

Иш-чара КМУнун Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан уюштурулган.

Позвонить