КМУда “ЖОЖдордогу илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоонун стратегиялык багыттары” аталышында семинар өз ишин баштады
Бүгүн, 3-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “ЖОЖдордогу илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоонун стратегиялык багыттары” аталышында семинар өз ишин баштады.
Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы IPChain ассоциациясынын директору Ырыскуль Турсуналиева “Заманбап билим берүү процессинде санариптик платформаларды колдонуу”, Кыргыз Республикасындагы IPChain ассоциациясынын директорунун кеңешчиси Джыпара Садыкова “Илим, адабият жана искусство чыгармалары автордук укуктун объектилери катары”, Кыргызстандын чыгармачыл өнөр жай ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрайымы Асел Умарова “Кыргызстандын жаратман экономикасы жөнүндө: Программалар жана долбоорлор” аталышында баяндама жасады.
Семинар жыйынтыгында катышуучулар билим берүү системасын жакшыртуу жана анын келечегине болгон жаңы көз-караштар боюнча пикир алышып, демилгелерди ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.