Blog Image

КМУда "ЖОЖдун китепканаларында илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоонун стратегиялык багыттары" аталышында тренинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын ачык илимди изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору Наталья Редькина "ЖОЖдун китепканаларында илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоонун стратегиялык багыттары" аталышында тренинг өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын китепканачылары катышты.

Тренингдин жүрүшүндө Илимий китепканаларга инновацияларды киргизүү жана изилдөө маалыматтарын башкаруу, Китепкана адистеринин жаңы компетенциялары жана алардын «катуу» жана «жумшак» жөндөмдөрү, Ачык жеткиликтүү маалымат рыногундагы ресурстар (DOAL, DOAB, CORE, MDPI, EBSCO, CyberLeninka ж.б.) жана алардын колдонулушу тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган.