Blog Image

КМУда Жусуп Кангелди уулунун жаркын элесине арналган «Кайрылбаган каркырам…» аталышында кереге кеңеш өттү

Бүгүн, 10-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда Жусуп Кангелди уулунун жаркын элесине арналган «Кайрылбаган каркырам…» аталышында кереге кеңеш өттү. Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, маданий ишмерлер жана илимпоздор катышты.

Кеңешмеде Жусуп Кангелди уулунун тагдыры жана анын элге кошкон салымы терең талкууланды. Баштапкы сөздү тарых илимдеринин кандидаты Гүлзада Абдалиева алып, анын Жусуп Кангелди уулунун татаал жана тагдырдын сыноосуна туш болгон өмүрү тууралуу изилдөөсү Эсимденин «Чиеш тагдырлар II» китебине киргенин белгиледи. Абдалиева өз баяндамасында Кангелди уулунун өмүрүн эскерип, анын руханий жана коомдук турмуштагы орду, кыргыз элине көрсөткөн кызматы тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал Кангелди уулунун Кыргызстандын маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү ролун баса белгилеп, анын салымы азыркы муун үчүн чоң сабак экенин айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жусуп Кангелди уулунун өмүр жолуна арналган документалдык көркөм тасма көрсөтүлдү. Кереге кеңеш Жусуп Кангелди уулунун унутулгус мурасын кайрадан жандандырып, анын эл арасындагы кадыр-баркын даңазалоо максатында чоң мааниге ээ иш-чара болуп калды.