Blog Image

КМУда “Жылдын мыкты куратору” конкурсу өтүүдө

Бүгүн, 2-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУда окуу-тарбия процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдонуу менен бирге куратордук ишти жакшыртуу жана активдештируу, жаштардын социалдык чөйрөгө аралашуусуна шарт түзүү, мыкты кураторлордун иш тажрыйбаларды алмашуу жана жайылтуу максатында “Мыкты куратор” конкурсу өтүүдө. Конкурска университеттин бардык түзүмдөрүнөн каалоочулар катталып, натыйжада 16 куратор катышты.

Конкурс 2 этаптан туруп, 2-этапка 5 куратор чыкты.

Конкурстун жобосуна ылайык катышуучулардын иш жыйынтыгы бир нече критерийлердин негизинде каралууда. Аларга куратордун тиешелүү документтери, топтордун окуу процессиндеги жетишкендиктери, куратордук сааттарды өткөрүүнүн деңгээли, ата-энелер менен иштешүү, студенттердин кураторго баа берүүсү талаптары каралган.

Конкурста ар бир куратор жасаган иштерин, келечек максаттарын, чыгармачыл изденүүлөрү жөнүндө айтып бериши шарт.

Конкурстун жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана сертификаттар менен сыйланат.

1-орунга – ноутбук;

2-орунга – планшет;

3-орунга – смартфон коюлган

Конкурска калыстык кылуу үчүн республиканын алдыңкы окуу жайларынан белгилүү профессор-окутуучулары келишти.