КМУда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча дебат өткөрүлдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти Уулай Сапарбаева “Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу” аталышында дебат уюштурду.
Дебатка профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын алкагында презентация көрсөтүлүп, студенттер үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чагылдырган коюлум тартууланды. Андан соң, студенттер эки топко бөлүнүп, “Аялдарды жактоочулар” жана “Эркектерди жактоочулар” деп аталып, азыркы коомдогу көйгөйлүү маселе болгон аялдар менен балдардын кордолушу жана алардын укуктарынын корголушу боюнча өз ойлорун ортого салышты.