КМУга академиялык мобилдүүлүк боюнча Павлодар мамлекеттик университетинин студенти келди
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин “Дизайн” багытынын “Графикалык дизайн” профилине С. Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Айжан Даутова келди.
Айжан Даутова билим алмашуу мобилдүүлүк программасынын алкагында 2024-2025-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында окуп, факультеттин билим берүү процессинде өзүнүн билим деңгээлин өркүндөтүп, билимин арттырат.
Аталган академиялык мобилдүүлүк программасы студенттерге өзгөчө тажрыйба алып, университеттер аралык тажрыйба алмашуу жана билим берүү процессинде колдонуу ыкмаларын үйрөтөт.