КМУга АКШнын Кентукки университетинин профессору Алан Фраер келди
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетинин Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова АКШнын Кентукки университетинин профессору Алан Фраер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө экологиялык практикалар, университеттин, жарандык коомдун булактарды коргоо боюнча аракеттери, изилдөөлөрдүн жана билим берүү программаларынын ролу, студенттер жана адистер арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, илимий долбоорлорду, конференцияларды жана башка ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча суйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Кентукки жогорку окуу жайынын тажрыйбасы тууралуу сунуштар талкууланды.