Blog Image

КМУга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ELF программасынын алкагында тренер-окутуучу Жейкоб Адамс келди

Бүгүн, 11-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан English Language Fellow (ELF) программасынын алкагында тренер-окутуучу Жейкоб Адамс келди. Аны КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, бөлүмдүн адистери тосуп алышты.

Кыргызстандагы English Language Fellow программасы АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият боюнча бюросу тарабынан ишке ашырылып, дүйнө жүзү боюнча англис тилин окутууга колдоо көрсөтүүнү көздөйт. ELF – бул тажрыйбалуу адистер, алар өз билимдерин бөлүшүп, тренингдерди, мастер-класстарды өткөрүп, жаңы окуу материалдарын иштеп чыгышат.

Жейкоб Адамс алдыдагы бир жыл ичинде Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту менен кызматташып, окуу материалдарын даярдоого, студенттер жана окутуучулар үчүн семинарларды уюштурууга жана маданий диалогду күчөтүүгө багытталган долбоорлорго катышат.

Бул программа аркылуу окутуучулар жана студенттер инновациялык методдорго жана эл аралык кесипкөйлөрдүн тармагына кеңири мүмкүнчүлүк алышат.

Жейкоб Адамс англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошот деп ишенебиз.

Позвонить