Blog Image

КМУга Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери келди

Бүгүн, 18-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтуна Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери Адина Мадкасимова, Бегойим Супибекова, Розагул Холдарова жана Азаматжон Маликов келди.

МТМИнин директору, профессор Самат Жумалиев студенттерди кабыл алып, университеттин тарыхы, институттун иштөө багыттары, өзгөчөлүктөрү жана билим берүү жаатындагы орду тууралуу маалымат берип, окууларына ийгиликтерди каалады.

Студенттер эки университет ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бир ай билим алышат.

Бул университеттердин ортосундагы эл аралык кызматташтык студенттерге жаңы тажрыйбаларды алууга, билимдерин кеңейтүүгө, достук алакаларын түзүүгө жана эл аралык мамилелерди чыңдоого шарт түзөт. Бул академиялык мобилдүүлүк программасы эки университеттин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана жалпы билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындай иш-чаралар студенттердин академиялык жана социалдык деңгээлде өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, эл аралык тажрыйба алмашууга шарт түзөт.