КМУга англис тилин окутуу методикасы боюнча китептер алынып келинди
И. Арабаев атындагы КМУга АКШ элчилигинин жана Лингва фондунун колдоосу менен EPIC программасынын алкагында "PBL методологиясына багытталган англис тилин окутуунун максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" долбоору аркылуу англис тилин окутуу методикасы боюнча 19 багытта китептер алынып келинди.
Аталган китептер Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасына тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул окуу китептери аркылуу билим берүүдө жаңы ыкмаларды сунуштоо жана англис тилин өнүктүрүүгө багытталган адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.