Blog Image

КМУга Ат-Башы районунун А.Капаров атындагы орто мектебинин окуучулары келди

26-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтуна Ат-Башы районунун А.Капаров атындагы орто мектебинин окуучулары келип окуу жай менен таанышып кетишти. Окуучуларды мектептин директору А.Мурзакматова, тарых мугалими Б. Искакова жетектеп келген. ТСУББИ окутуучулары институттун билим берүү программалары, артыкчылыктары жөнүндө окуучуларга кеңири маалымат берди. ТСУББИнин мыкты студенттери окуучуларга өздөрүнүн ийгиликтери тууралуу айтып берди. Экскурссиянын жүрүшүндө ТСУББИнин Студенттик кеңеши окуу жайдын тарыхы боюнча түзүлгөн музейди жана И. Арабаев боюнча документалдуу фильм менен тааныштырды.