КМУга Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андреа Бахер айым келди
Бүгүн, 17-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андреа Бахер айым келди.
Жолугушууга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова катышты.
Иш-чаранын максаты: Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү жана билим алмашууну өнүктүрүү.
Жолугушууда эки тараптуу академиялык алмашуу, студенттердин мобилдүүлүгү жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу айтылып, Австриянын билим берүү системасы, студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр жана Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуу Кыргыз мамлекеттик университети менен Австриянын ортосундагы билим берүү, маданият жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түздү.