Blog Image

КМУга Австриялык профессор Пиа Эутенойер иш сапар менен келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Австриянын Вена шаарындагы Жаратылыш ресурстары жана колдонмо илимдер университетинин (BOKU) Айыл чарба факультетинин профессору Пиа Эутенойер иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында профессор Пиа Эутенойер КМУнун Эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гүльназ Жалилова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар топурак таануу, чарбачылык жана биотүрдүүлүк багыттарында илимий кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык мобилдүүлүк маселелери тууралуу талкуулашты.

Бул жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Позвонить