Blog Image

КМУга Б.Иманалиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары келишти

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кочкор районунун Ак-Жар айылынын Б.Иманалиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары келип, университет менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында КМУнун жаштар иштери жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров мектеп бүтүрүүчүлөрүнө университеттин музейин жана окуу жайдын корпусун көрсөтүп, университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, окуучулар КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуп, кесип тандоо боюнча кеңештерди алышты.

Бул экскурсия мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакындан түшүнүүгө жана келечектеги кесиптерин аныктоо мүмкүнчүлүгүнө шарт түздү.