Blog Image

КМУга быйылкы окуу жылында кабыл алынган кытайлык PhD докторанттары келишти

И.Арабаев атындагы КМУнун PhD докторантура программасынын алкагында кабыл алынган кытайлык докторанттар менен Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору, п.и.д., проф.м.а.Чалданбаева А.К. жана докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доц.Касымалиева Г.О., бөлүмдүн ага инспектору Орокчуева А.Ж. менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда илимий-изилдөө иштеринин талаптары жана окуу процесстери жөнүндө маалымат берилди. Белгилей кетсек, университеттин жетекчилиги экспорттук билим берүү кызматын өнүктүрүүгө чоң маани берет. Ушуга байланыштуу илимий жана окуу процессинин сапатын талаптагыдай деңгээлде кармап турууга олуттуу аракеттер көрүлүүдө.