КМУга дидактикалык материалдар тапшырылды
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасына USAID “Окуу керемет” долбоорунун директору Нургүл Токтогулова дидактикалык материалдарды жана 100 дөн ашык орус, кыргыз тилиндеги окуу методикалык колдонмолорду белек кылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө дидактикалык материалдарды колдонуу ыкмалары жана методикалык колдонмолордун мааниси тууралуу маалыматтар берилди.
Бул иш-чара башталгыч билим берүү сапатын жакшыртуу жана мугалимдердин профессионалдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.