Blog Image

КМУга Эдинбург университетинин профессору Екатерина Попова келди

И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева Эдинбург университетинин профессору Екатерина Попованы кабыл алды. Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы жана Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки университет ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланып, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.