КМУга G-ViLL G2000 планшеттери жана музыкалык аспап HOHNER аккордеону алынды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева окуу жайдын курам жетекчилерине G-ViLL G2000 планшеттерин, ошондой эле Искусство жана дизайн факультетине 2 даана HOHNER аккордеонун тапшырды.
Бул G-ViLL G2000 планшети заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүү процесстерин жакшыртууга шарт түзөт. Анын жардамы менен окутуучулар жана студенттер ар кандай интерактивдүү окуу материалдарына жетишип, билим алуу сапатын жогорулата алышат.
Музыкалык аспап HOHNER аккордеону студенттердин музыкалык чыгармачылыгын өркүндөтүүгө, сабактарды жандандырууга жана жогорку деңгээлдеги искусство боюнча билим берүү сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле, чыгармачыл процесстерге жаңы динамиканы киргизип, студенттердин музыкалык өнөрүн жогорулатат.