КМУга Германиянын Freie Universität Berlin университетинин профессору Тобиас Стюдеманн келди
Бүгүн, 14-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова Германиянын Freie Universität Berlin университетинин профессору Тобиас Стюдеманн менен жолугушту.
Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Германия университеттери үчүн биргелешкен билим берүү программаларын, илимий долбоорлорду, конференцияларды жана башка ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.
Жолугушуунун алкагында профессор Тобиас Стюдеманн Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер иниститутунун окутуучулары, магистранттары жана студенттери үчүн “Что такое Research Proposal и как установить контакт с потенциальным научным руководителем Freie Universitat Berlin” аталышында семинар өттү.
Семинардын негизги максаты: илимий планды (Research Proposal) даярдоо зарылчылыгы тууралуу студенттерге маалымат берүү.