Blog Image

КМУга Казакстандын Коркыт-Ата атындагы Кызылорда педагогикалык университетинин өкүлдөрү келди

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасына академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстандын Коркыт-Ата атындагы Кызылорда педагогикалык университетинин окутуучулары А.Т. Жунисова жана педагогика илимдеринин кандидаты Ш.З. Кошкарова келди.

Келген конокторду КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев кабыл алып, университеттин музейи, китепканалары жана окуу процесси менен тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки университет ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Академиялык мобилдүүлүктүн негизги максаты: сапаттуу билим алууга шарт түзүү, студенттерге жана магистранттарга башка университеттерде билим алып, өз билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Ошондой эле, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу.