Blog Image

КМУга КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь айым келди

Бүгүн, 15-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым келди. Сыйлуу конокторду КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Ш. Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы тосуп алды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2-саясий башкармалыгынын биринчи катчысы Аруна Береналиева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, эки өлкө ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь лекция окуп, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечектеги максаттары тууралуу маалымат берди.

Коноктор кытай тили сабагына катышып, кытай тилин окуган студенттер менен маектешти.