КМУга КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь айым келди
Бүгүн, 15-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, эки өлкө ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. КЭРдин Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь лекция окуп, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечектеги максаттары тууралуу маалымат берди.
Коноктор кытай тили сабагына катышып, кытай тилин окуган студенттер менен маектешти.
Андан соң, Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгына арналган кыргыз жана кытай элдеринин тарыхый байланышы жана эки өлкөнүн маданий жетишкендиктери чагылдырылган көргөзмө менен таанышып, кытай тилинде видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чара маданий программалар менен коштолуп, кыргыз-кытай факультетинин студенттери кытай бийин бийлеп, эки тилде ырдашты.
Бул жолугушуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу билим берүү жана маданий алакалардын дагы бир маанилүү этабы болуп калды.