Blog Image

КМУга КЭРдин Түндүк-Батыш саясий илимдер жана укук университетинен делегация келди

Бүгүн, 14-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Түндүк-Батыш саясий илимдер жана укук университетинен (ТБСИУУ) делегация келди.

Делегацияны И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор, профессор Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова жана Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова тосуп алды.

Делегациянын курамында Кытай Эл Республикасынын Коммунистик партиясынын Түндүк-Батыш саясий илимдер жана укук университетинин секретары Чжао Ваньдун мырза, ТБСИУУ Түштүк жана Орто Азия изилдөө борборунун директору, Улуттук коопсуздук мектебинин деканы Шу Хоншуй мырза, ТБСИУУ Кытай-Борбордук Азия укук изилдөө борборунун аткаруучу директору, Эл аралык укук мектебинин деканы Лю Яцзюнь мырза, ТБСИУУ академиялык иштер башкармалыгынын директору Ли Дайонг мырза, Эл аралык алмашуу жана кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Чэнь Мэнци айым, Улуттук коопсуздук мектебинин кызматкери, котормочу Ван Инцзянь мырза келишти.