Blog Image

КМУнун ректору Кытай Эл Республикасынын ТБСИУУнун секретары менен жолугушту

Бүгүн, 14-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кытай Эл Республикасынын Түндүк-Батыш саясий илимдер жана укук университетинин (ТБСИУУ) секретары Чжао Ваньдун мырза менен жолугушту. 
Жолугушууга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова жана Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова катышты.
Ошондой эле,  ТБСИУУ Түштүк жана Орто Азия изилдөө борборунун директору, Улуттук коопсуздук мектебинин деканы Шу Хоншуй мырза, ТБСИУУ Кытай-Борбордук Азия укук изилдөө борборунун аткаруучу директору, Эл аралык укук мектебинин деканы Лю Яцзюнь мырза, ТБСИУУ академиялык иштер башкармалыгынын директору Ли Дайонг мырза, Эл аралык алмашуу жана кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Чэнь Мэнци айым, Улуттук коопсуздук мектебинин кызматкери, котормочу Ван Инцзянь мырза катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жана Түндүк-Батыш саясий илимдер жана укук университетинин секретары Чжао Ваньдун мырза мамлекеттер аралык жана 2 жогорку окуу жайынын достук мамилелери жана алдыда боло турган эл аралык ишмердүүлүк тууралуу ойлорун бөлүштү.