КМУга Корея Республикасынын Хосео университетинин өкүлдөрү келди
Бүгүн, 13-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Корея Республикасынын Хосео университетинин өкүлдөрү расмий иш сапары менен келди. Делегациянын курамында профессор Максим Дигай, чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу жана GKS программасы үчүн жооптуу менеджер Ким Жи Хе, эл аралык кызматташтык боюнча директордун орун басары, англис тили жана адабияты факультетинин окутуучусу Ким Жи На бар. Жолугушууга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Зайниев, эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Рахат Рай кызы, Ш. Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова жана физика-математика факультетинин деканы Гүлзат Токонбекова катышты.
Жолугушууда эки тарап билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга кол коюшту. Ошондой эле, корей делегациясы И.Арабаев атындагы КМУнун музейине жана Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин студенттери менен жолугушту. Бул иш сапар И.Арабаев атындагы КМУнун эл аралык байланыштарын бекемдөөгө, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түздү.