Blog Image

КМУга Кореянын Моквон университетинен профессор Ли Ми Ча ыктыярчы болуп келди

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү кафедрасына Корея республикасынын Моквон университетинин профессору Ли Ми Ча ыктыярчы болуп келди. Ал Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Гүлзат Казиева жана аталган кафедранын профессордук- окутуучулар курамы менен жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулады. Ли Ми Ча 1-декабрдан баштап Мектепке чейин билим берүү профилинин 3-4-курстун студенттенине Монтессори методикасы боюнча кесипке багытталган практикалык сабактарды жыл бою өтөт.