Blog Image

КМУга КРнын ММК фондунун өкүлдөрү келишти

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү Омурчиев Тимур менен Гүлмира Черикова келип, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Рай кызы, Эл аралык билим берүү программалар институтунун директору Мээрим Субанбекова жана чет элдик студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда декабрь айынын аягына чейин ар бир чет элдик студент мединциналык камсыздоо полюсун алууга милдеттүү экенин билдирди. Ошондой эле ар бир студенттерине курам мединциналык камсыздоо полюсу боюнча маалымат берип турушу зарыл экенин айтышты.