Blog Image

КМУга Кыргызстандын аймактарынан 200 мыкты окуучу келди

27-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун  Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтуна Кыргызстандын 7 облусунан 200 мыкты окуучу келди. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу,  Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу бүгүнкү күндө университет ар тараптан өнүгүп, билим берүү программаларын жакшыртуунун, студенттердин билим сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иш алып барып жаткандыгын баса белгилеп, окуу жай студенттердин билим алышына бардык шарттарды түзүп келгендигин кошумчалады. Ошондой эле,  окуучуларга университет жөнүндө маалыматтык видеотасма жана И.Арабаев боюнча тартылган документалдуу фильм көрсөтүлдү. Университеттин алдыңкы студенттери И.Арабаев атындагы КМУну эмне үчүн тандаганын, жетишкен ийгиликтери менен бөлүштү. Университетти тааныштыруу максатында окуучулар үчүн экскурсия уюштурулду.  Экскурсия ТСУББИнин 2-курсунун студенти Данияр Бекишов жетектеген «Агартуу Лига» билим берүү долбоору тарабынан уюштурулган.