Blog Image

КМУга Кытай Эл Республикасынан кесиптик билим берүү боюнча бир катар университеттеринин өкүлдөрү келди

Бүгүн, 17-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынан кесиптик билим берүү боюнча бир катар университеттеринин өкүлдөрү келди.

Кытай Эл Республикасынын кесиптик билим берүү коомунан келген делегацияны И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Илим жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректор Гүлназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбековалар тосуп алышты.

КЭРдин делегациясынын курамында Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун башкы директору, парткомдун секретары Ван Сяогуан, Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ли Мин, Шаньси суу чарбасы кесиптик-техникалык институтунун ректору, парткомдун секретарынын орун басары Бай Цзичжун, Дуньин кесиптик колледжинин парткомунун секретары Ду Чжэньбо, Ланьчжоу университетинин PhD докторанты Сун Цзюн, Ланьчжоу университетинин докторанты Янь Кунь, Ганьсу провинциясынын ЮНЕСКО ассоциациясынын башчысы Ду Юнцзюнь, Чжэцзян университетинин доценти, докторант Ни Хао, Шицзячжуань почта-телекоммуникация кесиптик-техникалык колледжинин парткомунун секретары Се Бунь бар.

Делегация окуу жайдын Конфуций классы менен таанышып, кытай магистранттары менен жолугушту.