Blog Image

КМУга Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу университетинен делегация келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу университетинен делегация келди. Жолугушууга Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова жана Ланьчжоу университетинин Эл аралык мамилелер институтунун жана Орто Азияны изилдөө институтунун делегациясынын мүчөлөрү Гао Ваньни, Лу Вэйго, Сунь Сювэнь, Ли Лян, Мао Цзяньпин, Лю Хуэйин катышты. Жолугушуунун алкагында эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн жүрүшү, максаттары, темалары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулар арасында эл аралык академиялык мобилдүүлүктү онлайн жана офлайн форматта өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле, Ланьчжоу университетинин илимий журналына ТСУББИнин профессордук-окутуучулар курамынын илимий макалаларын чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Андан соң, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттерине “Кытайдагы аялдардын коомдогу орду”, “Улуу Жибек жолу жана Борбордук Азия” аталышында конок-лекция өттү.