Blog Image

КМУга Кытай Эл Республикасынын Вэйнань педагогикалык университетинин өкүлдөрү келди

Бүгүн, 25-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Вэйнань педагогикалык университетинин өкүлдөрү келди.

Делегацияны И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова жана Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова тосуп алды.

КЭРдин делегациясынын курамында Кытай Эл Республикасынын Вэйнань педагогикалык университетинин ректору Чжан Шоухуа, Москва институтунун аткаруучу директору Инь Сяокэ, Гуманитардык илимдер институтунун деканы Чжао Цянмин, Москва институтунун Эл аралык байланыштар боюнча катчысы Вей Ниннинг, Сиан - Манас ЛТД директору Чао Юнлинг, Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Го Шилей бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагында академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу тууралуу маселелер талкууланды.