Blog Image

КМУга Мичиган жана Босфор университеттеринен профессор Х. Дуглас жана профессор А.Делек иш сапары менен келишти

Бүгүн, 23-май күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине АКШдагы Мичиган университетинин профессору Х. Дуглас жана Түркиядагы Босфор университетинин профессору А. Делек иш сапары менен келишти.

АКШдан келген профессорлор менен И. Арабаев атындагы КМУнун эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Гульназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мырзалымбекова Айчүрөк жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда институт, факультеттерге тиешелүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баарлашып, биргелешкен илимий долбоорлорду, конференцияларды жана башка ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.

Ошондой эле профессор Х.Дуглас жана профессор А.Делек Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер иниститутунун окутуучулары, магистранттары жана студенттерине семинар өттү.

Профессор А. Делек “Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн жасалма интеллект жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү” темасында презентация жана Х. Дуглас “Окутууну жана үйрөтүүнү колдогон жасалма интеллекттин негизиндеги кесиптик өнүгүүнү иштеп чыгуу” темасында семинар өткөрүп беришти.