Blog Image

КМУга Моквон улуттук университетинин профессору Ли Ми Ча ыктыярчы болуп келди

Бүгүн, 4-декабрда, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү кафедрасына Корея Республикасынын Моквон улуттук университетинин профессору Ли Ми Ча ыктыярчы болуп келди. Ал 4-курстун студенттерине Монтессори методикасы боюнча кесипке багытталган практикалык сабагын өттү. Сабакка кафедра башчысы жана окутуучулар курамы катышышты.
Белгилей кетсек, профессор Ли сабактарды жыл бою өтмөкчү.