КМУга Монголиядан окумуштуулар жана эксперттер келди
19-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүльназ Жалилова Монголиядан келген окумуштуулар жана эксперттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты: Кыргызстан аймагындагы ылайыктуу жана жайыт жерлерде көмүртек сактагыч (carbon sink) долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мүмкүн болгон кызматташуу жолдорун жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.
Делегациянын курамында Кытайдагы Чжэцзян Жунчжэнг токой чарбасын өнүктүрүү компаниясынын Монголиядагы өкүлдөрү — Пагмадулам Гунаажав, Наран-Ундрах Баатар, Эрдэнбаатар Сампил, ошондой эле Монголиядагы Борбордук Азия аймагындагы Топурак таануучулар коомунун жетекчиси, доктор Ундракх-Од Баатар болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө илимий кызматташтыктын алкагында жүргүзүлө турган иштер жана алардын кийинки этаптары кеңири талкууланды.