КМУга Нагаока техникалык университетинен лектор Таканори Миочи келди
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тармактык чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн Нагаока техникалык университетинен лектор Таканори Миочи мырза келди. Ал КМУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова менен жолугушту.
Таканори Миочи мырза ЖМТИнин студенттерине жана окутуучуларына 3D принтерде демонстрация өткөрүп, биздин тармактардын ортосундагы байланыштын аркасында NUT (Нагаока техникалык университетинин аббревиатурасы) фигурасын басып чыгарып, андан соң суроолорго жооп берди.
Эскерте кетсек, 2 жыл мурда ЖМТИнин студенттерине Таканори Миочи мырза онлайн лекция өтүп, анда университеттердин ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланган жана Нагаока техникалык университетинде робототехника жана робот жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү өткөрүлгөн.