Blog Image

КМУга ОшМПУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга келишти

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга студенттер келди.

Студенттерди жана алардын жетекчилерин И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев кабыл алды.

Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө ОшМПУнун 2-курсунун 6 студенти академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга келди.

Студенттерди Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Эл аралык билим беруу программалары колледжинин ички жана сырткы мобилдуулук, эл аралык байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Рахматилло Байбабаев жана ЭББПК чет тили бөлүмүнүн мобилдуулук боюнча жетекчиси Курманжан Жоробаева коштоп келишти.

Позвонить