Blog Image

КМУга Шандун искусство университетинин Кыргызстандагы өкүлдөрү келди

29-май күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Шандун искусство университетинин Кыргызстандагы өкүлү Сун Венцин жана жардамчысы Мамбет Өмүр келишти.

Шандун искусство университетинин өкүлдөрү менен И. Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Гульназ Жалилова, Ш.Кадырова атындагы ДТжЭМИнин Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова жолугушту.

Жолугушууда эки университеттин ортосундагы студенттердин мобилдүүлүгү, жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу боюнча сунуштар талкууланды.