КМУга Синьцзян педагогикалык университетинен делегация келди
Бүгүн, 23-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинен делегация келди.
Делегациянын курамында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Мукай Жаркынбек, Синьцзян педагогикалык университетинин басма сөз катчысы Кань Бин, пландоо, өнүктүрүү кызматынын башчысы Яо Цзиньцзю, финансы бөлүмүнүн башчысы Дженс Юсуфу бар.
Жолугушууга КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.