Blog Image

КМУга Сингапур Ассоциациясынын академиялык директору, профессор Лам Ки Фуи Тернер келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова Сингапур Ассоциациясынын академиялык директору, профессор Лам Ки Фуи Тернер менен жолугушту.

Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар университеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык алмашууларды жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.