Blog Image

КМУга Түркия Республикасынан делегация келди

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Түркия Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана социалдык изилдөө институтунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана социалдык изилдөө институтунун директору Мустафа Латиф Эмэк, Экономикалык өнүгүү жана социалдык изилдөө институтунун башкы координатору Атабек Мовлянов, Мармара университетинин профессору Арзу Ал, Экономикалык өнүгүү жана социалдык изилдөө институтунун директорунун кеңешчиси Фикрет Даш, КМУнун Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, Дин таануу институтунун директору Нурбек Шамралиев жана Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, илимий-изилдөө жана академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маселелерди талкуулашты.

Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.

Позвонить