Blog Image

КМУга Түркиянын Күтахья Думлупынар университетинин өкүлдөрү иш сапар менен келди

Бүгүн, 6-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Түркиянын Күтахья Думлупынар университетинин проректору, профессор Айхан Кахраман, Билим берүү факультетинин окутуучусу, профессор Күршат Йылмаз жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Вехби Онур Демирчи иш сапары менен келди.

Түркиядан келген делегацияны И.Арабаев атындагы КМУнун эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Гулназ Жалилова кабыл алды.

Жолугушууда эки университеттин ортосундагы студенттердин мобилдүүлүгү, жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды.

Бул кызматташуу университеттер ортосунда билим алмашуу жана академиялык изилдөөлөр боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.