Blog Image

КМУга Япониядан өз ара кызматташтык боюнча делегация келди

Бүгүн, 14-май күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониядан делегация иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Япониянын Яйзу шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ётсухаши Мичинори, «B ZONE» компаниясынын «Глоубал» кооперативдик уюмунун (адам ресурстары) мүчөсү Миямото Рей, «Моэги но Сато» социалдык кызмат көрсөтүү фондунун өкүлү Такахаши Шинжи, «Моэги но Сато» социалдык кызмат көрсөтүү фондунун өкүлү Ишимото Шиня, MKM компаниясынын өкүлү (IT компания) Мияко Нишо бар.

Жолугушууга университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, учурда университетте эмгектенип жаткан япон ыктыярчылар жана Японтаануу институтунун студенттери катышты.

Жолугушууда студенттерди Японияда практикага жана жумушка кабыл алуу, кызматташуунун келечектүү багыттары тууралуу маселелер каралды. Япониядан келген делегациянын мүчөлөрү Кыргызстандын жаштарынын япон тилин үйрөнүүгө жана эл аралык тажрыйбага умтулуусун жогору баалап, мындан аркы өз ара кызматташтыкка кызыкдар экендиктерин билдиришти.