Blog Image

КМУга Япониянын IM Japan компаниясынын өкүлү Токуда Киёши келди

29-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев Япониянын IM Japan компаниясынын өкүлү Токуда Киёши менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты – Кыргызстандан адистерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана эки тараптуу кызматташтыктын келечегин изилдөө болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан квалификациялуу адистерди кабыл алуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү мекемелер менен маектешүүлөрдү уюштуруу пландары талкууланды.

IM Japan – эл аралык жумушка орноштуруу жаатында 30 жылдык тажрыйбага ээ ири уюм. Компаниянын негизги максаты – эл аралык адам ресурстарын өнүктүрүү болуп саналат